Бишкек: Ыш менен күрөшүү үчүн «Кара-Кече» көмүрүн колдонууну азайтуу пландалууда

Бишкек шаарында ыш менен күрөшүү үчүн «Кара-Кече» көмүрүн колдонууну азайтуу пландалып жатат. Бул тууралуу 1-мартта калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Ошондой эле Абдыкадыров шаардагы 22 от казанды газга өткөрүү пландалып жатканын айтты.

«Программа боюнча жылына 3-4 от казанды газдаштырышыбыз керек, бирок биз баарын бир кылалы деп чечтик. Анткени элдин ден соолугу жана экология тууралуу сөз болуп жатат. Иш жылытуу сезонунан кийин башталат, котелдор сатылып алынган», — деди ал.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын Бишкек кыш келери менен абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи саптарга чыгат.

2022-жылдын октябрынын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги ыш тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган, ага ылайык шаардагы абанын булганышына жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан сапатсыз көмүр негизги себеп болууда. Бийлик калаада аба булганып жатканына сапатсыз бензин жана жыш курулуштар дагы себеп экенин айткан.

Бийлик ыш менен күрөшүү үчүн Бишкектеги жаңы конуштарды газдаштырууну, ал эми күндүз шаарга жүк ташуучу унааларды киргизбөөнү, ошондой эле Бишкектин кире бериштерине катализаторлору жок унааларды аныктаган «унаа капкандарын» орнотууну ниеттенет.

Автору: Айгерим Белекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги ыш: Инфаркт болгон адвокат ЖЭБдин жетекчилигине кылмыш ишин козгоону суранды

Бишкек мэриясы ыш менен кантип күрөшөрүн айтып берди

Кутманова өлкөгө Евро-5 классынан төмөн күйүүчү майды ташып кирүүгө тыюу салууну сунуштады