Сузак: Унаада бара жаткан тургунга ок чыгарууга шектелген 3 киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаада бара жаткан адамга ок атууга шектелип 3 киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 5-сентябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-августтан 30-августка караган түнү саат 12:30да Daewoo Nexia 2 үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы жигитке Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаа менен келген белгисиз адамдар бир нече жолу ок атуучу курал менен ок чыгарышкан. 

Кылмышка шектүүлөр. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен оор жаракат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Сузак районунун 24 жана 23 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Буга чейин, окуяга байланыштуу Сузак районунун 28 жаштагы тургуну кармалып, 5-сентябрда эки айга камакка алынган. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокенде 42 жаштагы киши мылтыктан ок чыгарып, 15 жаштагы өспүрүм каза тапты