Жогорку Кеңештин депутаттары 6-сентябрдагы жыйында президенттин администрациясынын мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Мыйзам менен Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра кароого жана жокко чыгарууга уруксат берүү сунушталып жатат.
Мыйзам долбоорун 66 депутат колдоп, төрт эл өкүлү каршы чыкты.
Талкуу учурунда депутат Гуля Кожогулова Конституцияда Конституциялык соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт деп турарын, андыктан өлкөнүн Башкы мыйзамына түзөтүүлөр киргизилеби-жокпу деп сурады.
Мыйзам долбоору боюнча баяндама берип аткан юристиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынбайт деп жооп берди.
Ал эми депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун кабыл алынышынан күмөн санабасын белгилеп, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдон биротоло эле Конституциялык соттун судьяларынын санын кыскартып же такыр эле таркатып салышпайбы деп кызыкты.
«Биз бири-бирибизди алдап, демократия деп ойнобой эле койбойлубу. [...] Конституциянын бюджети канча экенин көрсөңөр. Тогуз судьяга жылына 50 млн сом? Эгер алардын чечимдери акыркы болбосо, анда бизге конституциялык соттун эмне кереги бар? Менимче, кереги жок», — деди депутат.
Мындан тышкары, Бекешев мыйзам долбоору менен юриспруденцияга философиялык терминдер киргизилип жатканына көңүл бурду.
Абытов Конституциялык сотту жоё алышпасын, себеби ал Конституцияда жазылганын айтып жооп берди. Ал эми судьялардын санын кыскартуу боюнча суроого президенттин өкүлү Бекешев депутат катары тийиштүү мыйзам долбоорун демилге кыла алат деп жооп узатты.
Президенттин мыйзам долбоору
Президенттин администрациясы 17-июлда «Конституциялык сот жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жарыялаган. Аны менен Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра кароого жана жокко чыгарууга уруксат берүү сунушталып жатат.
Мыйзамдын долбоорунда чечим кандай учурда кайра каралып чыгышы мүмкүн болгон учурлар жазылган. Алсак, ал эгер чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса жана чечим «Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе» кайра каралышы мүмкүн.
Бирок «Медиа Полиси Институтунун» юристтери мыйзам долбооруна комментарий берип, президенттин администрациясы Конституциялык соттун ишине «түз жана ачыктан-ачык эле» кийлигишүүгө аракет кылып жатканын билдиришкен. Алар демилгечилерди мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырышкан.
Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.
Конституциялык соттун акыркы чечимдеринин бири матчествого байланыштуу болгон. Ага ылайык, кыргызстандыктар 18 жашка толгондо матчество ала алышат. Анткен менен бул чечим коомчулукта кызуу талкууланып, айрыкча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев юуга каршы чыгып, «чечимди ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын» деп билдирген.
Ал эми юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков бүгүн, 6-сентябрда парламент талкуусунда мыйзам долбоору «көбүнесе» Конституциялык соттун матчество боюнча чечиминин айынан демилгеленгенин билдирди.