«Клооп» Маданият министрлигинин басылманын сайтын бөгөттөө боюнча чечиминин үстүнөн даттанды

«Клооптун» юристтери Маданият министрлигине административдик доо арыз жөнөттү. Бир күн мурда мекемеден фейктер жөнүндөгү мыйзамга ылайык, «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» аталышындагы макала өчүрүлбөсө «Клооптун» сайты бөгөттөлөт деген билдирүү келген болчу.

Бул материалдын үстүнөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) арызданган. Маданият министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратова «Клоопко» билдиргендей, атайын кызмат бул макала «фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп белгилешкен.

8-сентябрь күнү «Клооптун» электрондук дарегине келип түшкөн катта аталган материалда «жалган маалымат» бар экени айтылат. Ошол эле кезде, чечимде так кайсы маалымат жалган экени айтылган эмес.

Ведомство «жалган маалыматты» эки иш күндүн аралыгында өчүрүүнү талап кылган. Болбосо, маданият министрлиги «Клооптун» сайтынын ишин эки айга чейин «токтотот».

8-сентябрда «Клооптун» юристтери чечимдин үстүнөн даттанып, анда республиканын мыйзамдарына ылайык, сот иштери боюнча жоопкерлерден гана макаланы өчүрүү же төгүндөө талап кылынарын баса белгилешти.

«Kloop Media басылмасы талаш-тартыштын катышуучусу эмес, ал тургай кызыктар жактардын кызматтык аброюна доо келтирген маалыматтарды моюнга алуу боюнча доо арыз боюнча жоопкер эмес. Сайттагы макаланы өчүрүү чечими мыйзамдын талаптарына жана шарттарына төп келбейт […] "Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамды эмес, ага караганда жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Жарандык кодекстин ченемдерин колдонууну мыйзамдуу деп эсептейбиз», — деп белгиленет даттанууда.

Мындан тышкары, документте «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» аттуу макалада маалыматтын булагы так көрсөтүлгөн. «Кылмыш жасагандыгы жөнүндө кандайдыр бир фактыларды өз билемдик менен ырастоо жок».

«Темада "деп билдирди" деген сөз камтылып, бул макаланын каарманынын билдирүүсүнөн алынган цитата экенин тастыктайт», — деп баса белгиленет арызда.

Фейктер тууралуу мыйзамга ылайык «Клооптун» сайтына бөгөт коюуга буга чейин да аракеттер болгон. Февралда мындай арыз менен Маданият министрлигине Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) кайрылган. Мекеме «АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты» деп аталган макалага арызданган. Бирок бир нече убакыттан кийин АРИС себептерин түшүндүрбөй эле арызын чакыртып алган.

Сайтты бөгөттөө менен катар, «Клоопту» юридикалык жакты жокко чыгаруу коркунучу тооруп турат. 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Бирок, «Медиа полиси институтунун» юристтери менен Кыргызстандын медиакоомчулугу шаардык прокуратуранын доо арызынын «күчү жок» деп эсептейт. Алар бир катар эл аралык уюмдардын катарында эле республиканын бийлигине кайрылып « “Клоопко” карата куугунттукту токтотуп» жана доо арызды чакыртып алууга үндөгөн билдирүү менен чыгышкан.