Президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган шектүү кармалды

Президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу 7-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү «Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин» мурдагы директору болгон. Ал «колундагы “чагымчыл” материалдарды ЖМКга таратам» деп «шантаж кылып» президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган айтылды.

Шектүү 6-сентябрда параны алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факт боюнча «Опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ала-Бука райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатканда кармалды

УКМК: Опузалап акча талап кылган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары кармалды