Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү: Сот 10 жылга кесилген баланын жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырды

Баткен облустук соту Кадамжайдагы 14 жашар кызды зордуктап өлтүрүүгө айыпталып, 10 жылга соттолгон баланын жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу 9-сентябрда облустук соттон кабарлашты.

Бирок соттун жаңы чечимине ылайык, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки айыпталуучунун камакта өткөргөн бир күнү соттолгондон кийинки эки күн катары эсептеле турган болду.

Буга чейин жашы жете элек айыпталуучу «Адам өлтүрүү», «Зордуктоо», «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер», «Адамды уурдоо» беренеси менен айыпталып, 10 жылга кесилген.

Кылмышка тиешеси бар дагы бир айыпталуучу мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылып, өкүмдү облустук сот күчүндө калтырган.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы эки шектүү Ош шаарындагы тергөө абагында асылган абалда табылган. Маркумдардын жакындары «алардын эки бөлөк камерада жатып, бир убакта асынып алганына ишенбей турганын» айтышкан. Алар айыпталуучуларга абакта «басым болгон» деп эсептейт.

Кийин Оштогу тергөө абагындагы кызматкерлердин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми соттук медициналык экспертизада маркумдардын денесинде эски тактар болгону аныкталган.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

Өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда муунтуудан калган жиптин издери бар экенин аныкташкан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканын айткан.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтып, «кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш» деп билдирген. Ал эми башкы прокурор укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти «адилет тергеп берет» деп убадалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжайда 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүрүүгө айыпталган өспүрүмдүн жакындары анын күнөөсүз экенин айтышууда

14 жашар кыздын өлүмү: Маркумдун апасы айыпталуучуларды актоо аракети болуп жатканына нааразы