Кадамжайда 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүрүүгө айыпталган өспүрүмдүн жакындары анын күнөөсүз экенин айтышууда

Элдияр Бактияр уулунун жакындары. Сүрөт: Рысбай Мажитов

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүрүүгө айыпталган жашы жете элек Элдияр Бактияр уулунун жакындары анын күнөөсүз экенин айтып, Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында түнөп жатышат. Бул тууралуу «Клоопко» 15-августта журналист Рысбай Мажитов билдирди.

Мажитовдун айтымында, президент Садыр Жапаров менен жолугушуу үчүн Бишкекке айыпталуучунун ата-энеси, эки таежеси жана 3 жашар иниси келген. Алар президент менен жолукмайынча кетпей, Өкмөт үйүнүн алдында түнөшөрүн айтышууда.

«Аларды минкабдын кабылдамасынан тиешелүү жетекчилер кабыл алышты, бирок талаптагыдай жооп бере алышкан жок. Президент өзү кабыл алмайынча кетпейбиз деп жатышат. Кичинекей бала — Бактияр уулунун бир тууган иниси, Баткенде аны караганы эч ким жок болгондуктан айла жоктон алып келишкен. Кечинде бала менен эң улуу эжени үшүп калышпасын деп бейтааныш эле адамдар алып кетишип, эртең менен кайра келишти», — деп билдирди журналист.

Аны менен катар Мажитов, 15-августка караган түнү Өкмөт үйүнүн алдында түнөгөн Бактияр уулунун жакындарын милиция кызматкерлери кайтарып, кубалап кетиргени аракет кылышканын айтты.

«Адам өлтүрүү», «Зордуктоо», «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер», «Адамды уурдоо» беренелеринин негизинде айыпталып, 10 жылга кесилген жашы жете элек Элдияр Бактияр уулунун кылмыш иши облустук сотто 18-августта каралат.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

Өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда муунтуудан калган жиптин издери бар экенин аныкташкан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканын айткан.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтып, «кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш» деп билдирген. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти «адилет тергеп берет» деп убадалаган.

5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Кийинчерээк бул ишке катыштыгы бар делип төртүнчү шектүү — жашы жете элек өспүрүм кармалган. Алардын бардыгы Кадамжай райондук сотунун чечими менен камакка алынган.

Ошол эле жылы 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында бул ишке шектүү эки киши каза болгон. Маркумдун жакындары алардын ТИЗОнун эки бөлөк камерасында бир эле убакта асынып, өз жандарын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.

Алар шектүүлөргө абакта басым көрсөтүлгөн деп эсептешип, бул окуяга «президенттин түздөн-түз күнөөсү бар» деп билдиришкен.

Кийин Оштогу тергөө абагынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизадан маркумдардын денесинде эски тактар чыкканы айтылган.

Маркумдун апасы Жумагүл Нурбаева 20-июнда «Клоопко» соттук-медициналык экспертизада кызын өлтүрүүгө шектелгендердин баарынын эркектик уруктары аныкталганын билдирген.

Кылмышка тиешеси бар дагы бир жаран быйыл 28-февралда Кадамжай райондук сотунун чечими боюнча мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылган, бул чечимди 4-июлда Баткен облустук соту да күчүндө калтырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшү боюнча шектүүлөрдүн бири өмүр бою абакта калды

«Аябай чарчадым». Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жашар кыздын апасы соттук ишти тездетүүнү өтүнүп президентке кайрылды

14 жашар кыздын өлүмү: Маркумдун апасы айыпталуучуларды актоо аракети болуп жатканына нааразы

Кадамжай: 14 жашар кызды өлтүрүүгө айыпталгандардын бири 10 жылга, экинчиси өмүр бою эркинен ажыратылды

«Асынмак эмес». Окуучу кыздын өлүмүнө шектелгендердин жакындары алар суицидге бармак эмес дешүүдө