Кара-Кеченин көмүрү сатылат. Министрлик чечиминен баш тартты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрдагы маалымат жыйында Бишкекке Кара-Кече көмүрү сатыкка ташыларын билдирди.

«Бишкек ЖЭБине 1 млн 200 миң тонна көмүр керектелет, анын 600 миң тоннасы Казакстандан алып келинет [...] Казакстандын көмүрү адатта 30-35%ы эле камтыйт, калган 70%ын дайыма “Кыргызкөмүр” ташып келет. [...] Ушул вариант менен иштегенди улантабыз. Ыш менен күрөшүү маселесинин алкагында [Кара-кече көмүрүнө тыюуу салуу боюнча] талкуулар болгон. Бирок анда дароо эле андай мүмкүнчүлүк жоктугун айтканбыз. Учурда Балыкчыдагы кампада 468 миң танна көмүр даяр турат. Бул көмүр Бишкек шаарына жана Чүй облусуна алып келинет», — деди ал.

Ал быйыл көмүрдүн баасы тоннасына 4,5-5 миң сом болорун кошумчалады.

Буга чейин 5-сентябрда энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев Бишкекке көмүр ташып кирип сатууга тыюу салынарын билдирген. Анда ал мындай чечим ышты азайтуу максатында кабыл алынганын айткан. Анын айтымында, Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салынса, аз да болсо ыштын деңгээли азаймак.

Көп өтпөй Байгазиевдин айткандарын депутат Тазабек Икрамов сынга алган. Ал эгер жергиликтүү көмүргө тыюу салынса шаардыктар Кара-Кеченикинен да (тоннасы 4500-5000 сом) кымбат турган казак көмүрүн (бир тоннасын 6000 сом) сатып алууга аргасыз болорун билдирген. Депутат Энергетика министрлигинин аракетин «ачык эле элди тоноо» деп атап, бул чечимдердин аркасында кимдир бирөөнүн «жеке кызыкчылыктары турушу толук мүмкүн» деп болжогон.