Чек ара кызматы интернетте тараган тасма боюнча түшүндүрмө берди

Чек ара кызматы «Каркыра-автожол» өткөрүү пунктундагы туристтердин жүгүн текшерген видео боюнча түшүндүрмө берип, кызматкердин иш-аракетин мыйзамдуу деп атады. Бул тууралуу аталган кызматтан «Клоопко» 13-сентябрда билдиришти.

Чек ара кызматынан мындай текшерүүлөр мыйзамда тыюу салынган жүктөрдүн жана товарлардын өлкө аймагына киргизилишине/чыгарылышына жол бербөө максатында жүргүзүлөт деп түшүндүрүштү. 

«Каркыра-автожол» өткөрүү пункту. Сүрөт: Интернеттен алынды

Андан сырткары атайын кызматтан «Каркыра-автожол» өткөрүү пункту «объективдүү себептерге байланыштуу» объекттин ичин изилдеп чыгуучу жабдуу менен камсыз болбогонун билдиришти. 

Бирок 2024-жылы УКМКга караштуу Чек ара кызматы үч өткөрүү жайын толук кайрадан курарын, анын ичинде «Каркыра-автожол» өткөрүү жайынын курулушу да каралганын кошумчалашты.

«Толук кайра куруудан өткөн өткөрүү жайлары жаңы техникалык жабдуулар менен камсыздалат, алардын катарында багаж жана кол жүктөрдү контактсыз текшерүү болот», — деп айтылат билдирүүдө.

11-сентябрда соцтармактарда «Каркыра-автожол» өткөрүү пунктунда тартылган видео тараган. Анда чек ара кызматынын кызматкери жапыз столдо Австралиядан келгени айтылган туристтердин чемоданын ачтырып, буюмдарын текшерип жатканын көрүүгө болот.

«Биз “улуу кыргыз элбиз” дебей, бул жерге жөнөкөй эле рентген коюп койсо болбойбу? Австралиялык туристтер келип атса, “байпагыңды, ич кийимиңди ач” деп ар бирин илгерки замандагыдай текшерип чыгат экен. Бул кандай майдачылдык, пастык?», — деп өкмөткө кайрылган видеонун автору.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштун тургуну «Достук» өткөрмө бекетинин кызматкерлери аны сабаганын айтты, мекеме муну четке кагууда