Ош: 19 жаштагы жигитти ур-токмокко алып, тоноп кеткен эки шектүү кармалды

Ош шаарында май куюучу жайда 19 жаштагы жаранды ур-томокко алып, уюлдук телефонун тартып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу 14-сентябрда «Клоопко» Ош шаардык милициядан билдиришти.

Кылмышка шектүүлөр. Сүрөт: Ош ШИИБ

Маалыматка ылайык, окуя 12-сентябрда шаардын Жапалак айыл аймагында катталган. Ушул эле күнү 19 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда, Ош шаарындагы Жапалак айылында, Ноокат—Ош унаа жолундагы май куючу жайга унаасы менен келе жатканда бейтааныш балдар эч себеби жок уруп, уюлдук телефонун тартып алганын айткан.

Бул факт Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иштер башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 28 жана 19 жаштагы жарандар кармалды. 

Учурда кармалган тургундардын мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча териштирүү жүрүп жатат.

2023-жылы World Population Review порталы жарыялаган Кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 136 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 31-орунду ээледи.

Улуттук статистика комитети 2022-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алган. Ал эми ИИМ майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Тургунду тоноого жана беш күн мыйзамсыз камап отурууга шектелген жарандар кармалды

Бишкекте өспүрүмдү уурдап, ур-токмокко алган алты киши кармалды