Ош: Суракта каза болгон шектүүнүн иши боюнча айыпталган 6 милиционер акталганы айтылууда

Жогорку сот сурак учурунда каза болгон 26 жаштагы шектүүнү кыйноого айыпталып жаткан Ош облустук милициясынын алты кызматкерин актады. Бул тууралуу 14-сентябрда «Турмуш» басылмасы жазды.

«Каракчылыкка» шектелип Ош облустук милициясы тарабынан 2020-жылы кармалган Мухаммед Каныбек уулу суракта каза болгон. Милиция кызматкерлери шектүү суракка келгенде «жүрөгү кармап калганын» айткан.

Маркумдун туугандары анын денесинен көк-ала тактарды көргөнүн айтып, «милиционерлерди мыкаачылык менен кыйноого» айыпташкан. Кийин алар ишти бурмалоо аракети болуп жатканын айтып чыгышкан.

2020-жылдын ноябрында маркумду кыйноого шектелген алты кызматкердин бешөө иштен алынган. Ошол эле күнү алты милиционер УКМК тарабынан кармалган.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, 2021-жылы Ош шаардык соту беш милиционерди тогуз жылга эркинен ажыраткан. Бирок сот аларды төрт жылга пробациялык көзөмөлгө алып, сот залынан бошоткон. Алтынчы шектүү кылмышты жашыруу беренеси менен бир жыл пробациялык көзөмөлгө алынган.

2023-жылдын мартында Ош облустук соту төрт милиционерди «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануудан» башка бардык айып боюнча актап, алардын жаза мөөнөтүн төрт жылга кыскарткан. Калган экөөнүн өкүмү толугу менен жокко чыгарылган.

Милиция кызматкерлеринин акталганы боюнча Жогорку соттон маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Соттун басма сөз кызматы маалыматты тактап берүүнү убадалады.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жыныстык мүчөсүн жанчып салышкан». Ошто сурак маалында каза болгон маркумдун жакындары акыйкат издейт

Ош: Суракта каза болгон тургундун өлүмүнө шектелип алты милиционер кармалды