Ош: Суракта каза болгон тургундун өлүмүнө шектелип алты милиционер кармалды

Маркум Мухаммед Каныбек уулу. Өлүкканадан жакындары тарабынан тартылып алынган кадр

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын алты кызматкери «кыйноого» шектелип кармалды. Бул тууралуу 20-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.

Атайын кызмат милиционерлерди Ош ОИИБинин мекемесинде кыйноого алгандан кийин каза тапты делген Мухаммед Каныбек уулунун өлүмүнө шектеп жатышат. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүштө бардык ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдирди атайын кызмат.

Каныбек уулунун өлүмү

Маркум Мухаммед Каныбек уулун 15-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарынан Ош ОИИБинин беш кызматкери «Каракчылыкка» шектүү катары кармашып, облустук милициянын имаратына жеткиришкен. Каныбек уулунун кармалгандыгы тууралуу милиция тарабынан жакындарына кабарланган эмес.

Анын кармалышына 5-октябрда Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну аны бейтаныш жарандар карактап, 4 млн 230 миң сом акчасын жана унаасын тартып алышканы тууралуу милицияга арыз менен кайрылгандыгы негиз болгон.

Эки күн өткөн соң маркумдун сөөгүн туугандары өз алдынча Ош шаарындагы өлүкканадан табышкан. Анын денесинен көк-ала тактарды байкаган туугандары Каныбек уулун «милиционерлер мыкаачылык менен кыйнаган» деп божомолдошкон. Мындан улам алар маалымат жыйын куруп, ишти акыйкат тергеп берүү үчүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан.

Ал арада милиция Каныбек уулу Ош ОИИБинин имаратына суракка келген учурда «жүрөгү кармап каза болду» деген маалымат тараткан. Ошондой эле, окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяны териштирүүнү УКМК көзөмөлгө алганы кабарланган.

Мындан бир ай мурун Мухаммед уулун суракка жеткирген Ош ОИИБинин беш кызматкери кызматынан бошотулганы маалымдалган. ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында кызматынан бошотулгандар милдеттерин аткарууда «катачылыкка жол беришкендиги» аныкталган.

Мындан сырткары, Криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө да «эскертүү» берилген.

Тема боюнча:

«Жыныстык мүчөсүн жанчып салышкан». Ошто сурак маалында каза болгон маркумдун жакындары акыйкат издейт

Ошто шектүүнүн өлүмүнөн кийин беш милиционер кызматынан алынды