Дагы бир алтын! Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону аталды

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Астанадагы күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын куржунуна дагы бир алтын алып келип, чемпион аталды.

Эркин күрөш балбаны 61 килограммга чейинки салмакта күчүн сынап, турнирдеги алгачкы беттешинде япониялык Кодай Огаваны 4:1 менен артта калтырды. Жарым финалда ирандык Йассин Аббасты ишенимдүү түрдө жеңип финалга чыкты.

Чемпиондук үчүн кармашта Кытайдан келген балбан Лю Минхуну 4:2 эсебинде багынтып, алтын медаль тагынды.

Тайырбек Жумашбек уулу — жаштар арасындагы дүйнө чемпиону, Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси жана рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

Астанадагы Азия чемпионаты

Коңшу Казакстандын борборунда өтүп жаткан бул беделдүү турнирде кыргыз балбандарынын куржунунда жалпы 14 медаль болду. Анын бешөө алтын, үчөөсү күмүш жана алты коло.

Буга чейин эркин күрөш боюнча балбандар Алмаз Сманбеков (57 кг чейин) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг чейин) менен Орозбек Токтомамбетов (70 кг чейин) коло медалга ээ болушкан.

Кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) алтын алып Азиянын бешинчи жолку чемпиону аталган. Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күмүш, Калмира Билимбек кызы (59 кг чейин) коло багындырышкан.

Мээрим Жуманазарова коло үчүн болгон беттеште күрөшүп жатып мурду канап, кан токтобой койгондуктан Азия чемпионатынан четтетилип калган.

Ал эми 9-10-апрелде болуп өткөн грек-рим күрөшүндө Акжол Махмудов (77 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашкан.

Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) күмүш медалды алып келсе, үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (67 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) жеңген.

Бүгүн, 14-апрель бул жолку күрөш боюнча Азия чемпионатынын акыркы күнү. Мелдеш 9-апрелде башталган.