Экономика министрлиги: 2023-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң сомду түздү

Иллюстративдик сүрөт. Булак: Интернеттен алынды

Быйыл өлкөдө орточо айлык акынын көлөмү 2022-жылдагыдан караганда 27,2 пайызга жогорулап, орточо эсеп менен 32 миң сомду түздү. Бул тууралуу «Клоопко» 18-сентябрда Экономика министрлигинен билдиришти. 

Министрликтен 2023-жылдын январь-июль айларында экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда эмгек акысы былтыркыга салыштырмалуу өскөнү байкалганын маалымдашты.

Айлык акы мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө 72,8%га, административдик ишмердүүлүк жаатында 43,9%га, ал эми искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында 35,9%га көбөйгөн.

Мындан бир жыл мурун орточо айлык акы 2021- жылга салыштырмалуу 1,3 пайызга жогорулап 25 миң 711 сомду түзгөн. 

15-сентябрда Социалдык фонд өлкөдөгү жашоо минимуму 6813 сомду түзөрүн билдирген. Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмгек министрлиги: Өлкөдө 200 миңден ашык үй-бүлө жакыр жашайт