Ош: Тургундарды 20 млн сомдон ашуун акчага алдап кеткен шектүү кармалды

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош шаарында бир нече тургунду алдап, 20 млн сомдон ашуун акча каражатын алып Өзбекстанда из жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 18-сентябрда шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин издөөдө жүргөн Ош шаарынын 34 жаштагы убактылуу тургуну 14-сентябрда колго түшүрүлгөн. 

Ош шаардык соту 16-сентябрда шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны 16-октябрга чейин абакта калтырды. Учурда тергөө уланып жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин шектүүнү үстүнөн 9 арыз келип түшкөн. Ош ШИИБден арыз жазгандардын саны күн сайын өсүп жатканын айтышты.

«Шектүү акча каражаты бар жарандарга жолугуп: “Менин жеке басмаканам бар. Бир аз инвестиция жасай турган болсоӊ ири кирешеге ээ болосуӊ”, — деп алдап, 400 миӊ сомдон 6,5 млн сомго чейин жарандарды алдап, акчаларын алып, Өзбекстандын аймагына качып кеткен», — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан кылмышка шектүү айрым учурларда ишенимине кирген тургундун биринен бир нече жолу ири суммадагы акча алганын билдиришти. Атап айтканда, үстүбүздөгү жылы апрель айында Ош шаарынын 40 жаштагы тургунунан 500 миң сом, 250 миӊ сом, 750 миӊ сом, 800 миӊ сом жана 200 миӊ сом акчасын алып, из жашырып кеткен.

Ош ШИИБдин тергөө кызматы шектүүдөн жабыр тарткандар болсо 0777 073 117 же 102 номерлери аркылуу кайрылууга чакырат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенди калыбына келтирүүдө ишкерди алдап, ири суммадагы чыгымга учураткан жаран кармалды