Баткенди калыбына келтирүүдө ишкерди алдап, ири суммадагы чыгымга учураткан жаран кармалды

Шектүү. Сүрөт: ИИМ

Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүдө ишкерди 1 миллион сомдон ашык өлчөмдөгү чыгымга учураткан тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 13-июлда облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, курулуш материалдарынын акчасын төлөбөй качып жүргөн Лейлек районунун 56 жаштагы тургуну 13-июлда Бишкек шаарынан кармалды.

Буга чейин Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну аны алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгымга учураткан жарандын үстүнөн Баткен облустук милициясына арызданган.

Анда жабырлануучу шектүү тарап өткөн жылы сентябрь айында кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кагылышууда жабыр тарткан 57 үйдү калыбына келтирүү жоопкерчилигин алганын билдирген. 

Үстүбүздөгү жылы январь-февраль айларында шектүү жабырлануучунун темир материалдарын иштетүүчү цехинен жалпы 1 млн 295 миң 482 сомдук товар алып, бирок акчасын убагында кайтарып бербей из жашырып жүргөн.

Бул факт боюнча 16-майда Баткен ОИИБи тарабынан «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Иш Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө болгон.  

Акчасын алдаткан баткендиктер

Үстүбүздөгү жылдын 11-майда Баткендеги чек ара аймагын калыбына келтирүүдө курулуш материалдарын саткан ишкерлер облустук администрациянын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.

«Азаттык» басылмасынын маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар менен ишкерлер курулуш ишин жүргүзгөн компаниялар алардын 20 миллиондон ашык акчасын бербей жатканын айтышкан.

Баткендеги куралдуу жаңжалда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүгө тендерди «Аманат Строй Инвест» курулуш компаниясы утуп алган. Компания үйлөрдү куруу үчүн 33 субподрядчик жалдаган.

Алардын бири болгон, Ак-Сай айыл аймагын калыбына келтирген «Алмалуу-Доор курулуш» компаниясы Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы соодагерлерге 12 млн сом карыз экени маалымдалды. Ал эми ишкананын ээси Доорбек Кадыров азыр кайда белгисиз.

Жергиликтүү ишкерлер Достук айылын калыбына келтирген «Келечек ЛТД» компаниясы аларга 7 млн ​​сомдон ашык карыз экенин айтышкан. Компаниянын ээси Абдырахмон Махмудов Өзбекстанга чыгып кеткен.

Ал эми 16-июнда ИИМ жаңжалда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүдө «миллиондорду уурдаган» делген «Келечек ЛТД» курулуш компаниясынын жооптуу өкүлү Шахбоз Набиевге «Алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, камакка алган

Баткен шаарынын тургундары жана ишкерлер аталган ишкана алардан 5 347 330 сомго курулуш материалдарын алып, кийин акчасын бербей койгонун айтышкан. Бул иштин алкагында тергөө уланып жатат.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Баткендеги куралдуу кагылыштын кесепетинен 417 үй талкаланган. Быйыл 15-июнга карата минкаб үйлөрдүн 416сы курулуп бүткөнүн маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Чек арадагы куралдуу жаңжалда бузулган үйлөрдүн 416сы курулуп бүттү

ИИМ: Баткенде үй курууда миллиондорду уурдаган «Келечек ЛТД» боюнча кылмыш иши тергелүүдө

Баткенди калыбына келтирүү: Насыясын өндүрө албаган ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты