Айгүл Жапарованын фонду Кытай элчилигинен 9 млрд сом алганы тууралуу маалыматты четке какты

Биринчи айым Айгүл Жапарованын «Эне-балага тирек» коомдук фоду Temirov Live командасынын иликтөөсүнө комментарий берди. Буга чейин журналисттер Салык кызматынын отчётунун негизинде видео чыгарышкан. Анда алар фонд 2022-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен 9 млрд сом алганын айтып беришкен.

«Эне-балага тирек» фонду бул чындыкка коошпогон маалымат экенин, фонд элчиликтен 9 млн 267 миң сом алганын билдирди. Бул каражаттар, фонддон билдиришкендей, Баткен облусундагы социалдык долбоорлорго, кондитердик жана тигүү цехтерин ачууга, мектептер үчүн заманбап интерактивдүү такталарды алууга жумшалган.

Фонд Чакмак Мемет аттуу жарандан 563 млн сом жана «Ас-Сафа Борбору» фондунан 1,3 млрд сом албаганын да билдирди. Алардын маалыматына ылайык, «Эне-балага тирек» фонду 2022-жылы майыптыгы бар адамдарга коляска сатып алуу үчүн аталган адамдан 563 миң 610 сом жана «Ас-Сафа Борбору» фондунан 1 млн 315 миң 250 сом алган.

«Андыктан, айрым маалымат ресурстарында тарап жаткан милларддык акча каражаттары тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз. Иликтөө даярдагандар экинчи тараптын пикирин эске алып, тактоо кылган эмес. Биз, кызыккан массалык маалымат каражаттарына бул цифралар тууралуу маалыматты көрсөтүп, түшүндүрмө бергенде даярбыз», — деп белгилешти Айгүл Жапарованын фондунан.

Мурдараак Салык кызматынан «Клоопко» фонддун отчётунда көрсөтүлгөн сандардагы айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берип, бухгалтер уюм тууралуу жыйнак маалыматты толтуруп жатканда «жаңылып калган болушу мүмкүн» деп айткан. Салык кызматы бухгалтер электрондук бланктын бурчундагы «миң сом» деген жазууну көрбөй калып, таблицага акыркы үч санды албай туруп реалдуу санды киргизип салган деп болжогон.