«Интимдик сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам». Жалал-Абадда опузалап аялдан акча алып жүргөн тургун кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда «интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам» деп коркутуп, аялдан акча талап кылып жүргөн тургун колго түштү. Бул тууралуу 21-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун аймагында жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган учурда ал өзүнүн «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаасы менен кетип жаткан.

Кармалган киши — Жалал-Абад облусунун 36 жаштагы тургуну. Ал жабырлануучудан «интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам» деп коркутуу менен тынымсыз 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген.

Жабырлануучунун айтымында, кармалган тургун буга чейин 2021-жылдан бери коркутуу жолу менен андан 200 миң сом акча алган.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облустук ШИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 8-августта кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү аял кишини сабап, опузалап акча алып жаткан жеринен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көлбаевдин УКТ мүчөсү». Аялды коркутуп, опузалап акча алып жүргөн киши кармалды

Бишкекте адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелип төрт киши кармалды