Орусия «Финико» каржы пирамидасын түзүүгө шектелген жаранды Кыргызстанга өткөрүп берди  

Орусиянын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын «Финико» каржы пирамидасын түзүүгө шектелген Чолпон Айдарованы кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын көзөмөл органы билдирди.  

Иштин материалына ылайык, кармалган аял 2020-2021-жылдары «оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн түзүлүп, каржы пирамидасынын принциптери негизинде иш алып барган “Финико” (Finiko) деген компанияга жамынып иштеген» кылмыштуу чөйрөгө мүчө болгон. Айдарова компаниянын аймактык жетекчиси жана өкүлү болуп жүргөн.  

«Кылмыштуу ишмердүүлүктү жүргүзгөн аралыкта чөйрөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында жалпы суммасы 1,2 млн доллар жана 5,7 млн сомду түзгөн 100дөн ашык жарандын акчасына ээ болуп алышкан. Мындан тышкары, шектүү кылмыштуу чөйрө менен дагы эки жарандын ири өлчөмдөгү каражатын ишенимге кирип, алдап уурдап кеткен», — деп билдирди Орусиянын Башкы прокуратурасы. 

Орусиянын көзөмөл органы Айдарова Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу чөйрөгө катышуу» жана «Алдамчылык» беренелери менен шектелип жатканын кошумчалады. Анын Кыргызстандагы жана Орусиядагы кылмыштары боюнча иштеринин мөөнөтү эскире элек.  

«Финико» пирамидасы 

«Финико» каржы пирамидасынын ишмердүүлүгү тууралуу буга чейин «МедиаХабдын» журналисттери айтып чыгышкан. Алар 2021-жылдын декабрында чыгарган иликтөөсүндө компанияга каражаттарын берип, кайтара албай калган кыргызстандыктардын окуясын баяндап беришкен.

Иликтөөчүлөр «Финиконун» жарнамалык кылтагына илинген жарандар батирлеринен жана чогулткан акчаларынан куржалак калып, карызга батканын белгилешкен. Ошол эле кезде Орусиянын Борбордук банкы жана Татарстандын укук коргоо органдары «Финико» компаниясы чынында каржы пирамидасы экенин аныкташкан.  

«МедиаХабдын» журналистери аталган каржы каржы пирамидасынан тийген зыяндын жалпы суммасы ошол кезде 3,5 млн долларды түзгөнүн айтышкан.