Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 19 унаадан турган эки мобилдик оорукана тапшырылды

Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки мобилдик оорукана тапшырды. Бул тууралуу 24-сентябрда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, техникаларды Кытай тарап кайтарымсыз гранттык негизде берген. Госпиталь ар түрдүү багыттагы 19 түрдүү атайын жол тандабасты камтып, ар бир унаа өзүнчө функция үчүн колдонулат.

«Бир мобилдик госпитальда күнүнө 150 бейтапты кабыл алып, 20га чейин хирургиялык операция жүргүзүүгө жана 90 бейтапты жаткызып дарылоого мүмкүн. 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөсү бар. Бир госпиталды 60 адис тейлейт, 5-6 саат ичинде куралат. Медициналык жана тейлөө персонал үчүн 60 орундук өзүнчө чатырлар каралган», — деп айтылат билдирүүдө.

Президенттик администрациядан көчмө талаа ооруканасынын бири Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына берилерин белгилешти.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кытайдан Кыргызстанга жардам катары заманбап 100 өрт өчүрүүчү унаа келген. Ошондой эле шаарга Кытайдан сатып алган 1000 жаңы автобустун 25и алып келинген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кытай Кыргызстанга грант катары 100 өрт өчүрүүчү унаа берди