Инвесторду опузалоого шектелип кармалган ишкер Асман шаарын курууга тиешеси бар экени айтылууда

Шектүү. Сүрөт ИИМ

Жергиликтүү басылмалар чет өлкөлүк инвесторду коркутуп, пара опузалоого шектелип жаткандардын бири Ысык-Көлдүн жээгиндеги Асман шаарын курууга тиешеси бар Төлөнбай Нурбаев экенин жазды.

Асман шаарына капсула салуу аземинде Нурбаев УТРКнын журналистине түз эфирде маек курган. Ал Дубай, Малайзия, АКШ, Сингапур жана башка өлкөлөрдөн инвестиция тартып келүү тууралуу айтып берген.

«Мен инвесторлорду тартып келип, ушул долбоорду баштап жатабыз. Инвесторлор менен жеке отуруп сүйлөшүп, тамактанып, аларга “келгиле, силер үчүн Кыргызстан ачык, бизде коррупция жок, мен кепилдик берем, баары таптаза болот” деп убада берген алгачкы президенттердин бири болду деп эсептейм», — деп ал президент Садыр Жапаров тууралуу пикир айткан.

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, шектүү Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Шектүүнүн кармалганы тууралуу 25-сентябрда белгилүү болду, аны менен бирге дагы эки киши колго түшкөн. ИИМ «жогорку даражадагы аткаминерлер менен байланышы бар экенин» айтып инвесторлрду коркуткан киши өзү да бизнесмен экенин белгилеген. Ал чет элдик жарандан 200 миң доллар опузалаганы аныкталган.

Кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев шектүү өлкө башчынын тапшырмасы менен кармалганын айткан. Ага карата «Опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Президент дагы бир жолу Кыргызстанда "кол тийбестер" жок экенин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, аларды жеке кызыкчылыгына пайдаланып, мыйзамсыз акча талап кылса — дароо камалат. Өлкө башчысын адаштырып коёбуз же ал эч нерсе билбей калат" дегендер болсо, катуу жаңылышат», — деп эскертткен ал.

Султанбаев президент УКМК, ИИМ жана башка жеке булактардан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турарын кошумчалаган.

Мурдараак президент өзү да коррупцияга шектелип кармалган иниси Улан Жапаров боюнча комментарий берип, «азыр заман башка, баарына бирдей мамиле болот» деп белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин басма сөз катчысы «арам ойлуулар» үчүн абактарда орундар жетиштүү экенин билдирди