Бишкек: Novotel мейманканасында өрт чыкты

26-сентябрда Бишкектеги Novotel мейманканасында чыккан өрттү өчүрүүгө үч күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сүрөт: ӨКМ

Маалыматта кырсыктан жабыр тарткандардын бар-жогу айтылган эмес. Мекемеден тилсиз жоонун кесепеттери боюнча кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

ӨКМ 25-сентябрда өлкө боюнча жалпы 13 өрт кырсыгы катталганын кошумчалады.

2021-жылдын ноябрында да аталган мейманкананын фасадынан өрт чыккан. Имараттын өрткө каршы системасы жана фасаддын тышы жасалган материалдар өрттүн көбөйүп кетишине жол бербегени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Novotel’деги өрткө кабель күйүп кеткени себеп болгон