Путин октябрда Лукашенко менен жолугуу үчүн Кыргызстанга келет

26-сентябрда РИА Новости басылмасы Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерин жазды. Буга чейин Эл аралык жазык соту аны камакка алуу боюнча ордер чыгарган болчу.

РИА Новости орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянып, Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугуу үчүн Кыргызстанга 15-октябрда келерин жазды.

«Ушундай сапар белгиленип жатканын ырастай алабыз, ал жакта жолугушуу болору да пландалууда», — деди Песков.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясынан «Клоопко» Путиндин келери тууралуу комментарий берише элек.

Путин Кыргызстанга келери тууралуу 2023-жылдын майында эле белгилүү болгон. Анда аны президент Садыр Жапаров чакырган, бирок качан келери айтылган эмес.

Акыркы жолу Путин Кыргызстанга 2022-жылдын декабрында — орус армиясы Украинага толук масштабдуу кол салгандан тогуз айдан кийин келген.

2023-жылдын мартында Гаагадагы Эл аралык жазык соту Украинага каршы аскердик кылмыштары үчүн Путинди камакка алуу боюнча ордер чыгарган. Бул эгер Путин Рим статусун ратификациялаган өлкөгө барса, кармалышы керек дегенди түшүндүрөт.

Эл аралык жазык сотунун мыйзамдуулугун Европа Биримдигиндеги өлкөлөр, Түштүк Африка, айрым африка өлкөлөрү, ошондой эле Тажикстан жана Ооганстанды кошкондо 123 өлкө тааныйт. Рим статутуна АКШ, Кытай, Индия, Орусия, Израиль, Түркия жана Иран кол койгон эмес.

Кыргызстан Эл аралык жазык сотунун Рим статутуна 1998-жылдын 8-декабрында кол койгон, бирок ратификациядан өткөргөн эмес. Бул Путин Кыргызстанга келсе, ал камакка алынбайт дегенди билдирет.

2022-жылдын 24-февралында орус армиясы Украинага толук масштабдуу кол салган. Украинанын аймагында аскердик аракеттер дагы деле уланууда.

БУУнун 11-сентябрдагы маалыматына ылайык, орусиянын кол салуусунан улам Украинада эң аз дегенде 9 614 жай тургун каза болгон. Дагы 17 миңден ашык киши жарадар болгон. Бирок уюм каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилейт. Бул тууралуу украин бийлиги да айтып келет.

Орусиянын Украинага кол салуусун бир катар өлкөлөр айыптаган, ал эми батыш өлкөлөрү Орусияга карата болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизген.

Ошондой эле батыш өлкөлөрү Орусияга көмөктшкөн өлкөлөргө экинчи баскычтагы санкциялар салынарын бир нече жолу эскерткен. Бул тизмеге биринчилерден болуп Беларус кирген. Александр Лукашенко Путинди толук колдойт, ал тургай Украинага кол салуу үчүн өз өлкөсүндөгү аймакты берген.