Сот ЭлТРдин «ПолитКлиникага» карата доосун жарым-жартылай канааттандырды

26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекеттик ЭлТР телеканалынын «ПолитКлиника» басылмасына карата доосун жарым-жартылай канааттандырды. 

«Политклиникадан» билдиришкендей, сот басылманы журналист Тыныстан Асыпбектин «Детектор» программасында «ЭлТРдин Садыр Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир да сом карыз алынган жок деген маалыматы — жалган» деген видео материалда айтылган айрым сөздөрүн төгүнгө чыгарууну милдеттендирди.  

Соттун чечими боюнча «ПолитКлиника» төмөнкү сөздөрдү төгүндөшү керек: «ЭлТР телеканалынын кезектеги калпын жана манипуляциясын айтып беремин”, “2020-жылдан октябрь айынан тартып, өлкөнүн энерго тармагына сырттан насыялар алынган. Журналисттердин С.Жапаров мезгилинде энергетика тармагына бир да сом карыз алынган эмес деп маалымат тараткандыгы калп экенин далилдеп турат”, “Башкача айтканда ЭлТР телеканалынын журналисттери С.Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир да сом карыз алынган жок деген маалымат жалган жана манипуляция болуп эсептелинет”».

Сот ЭлТРдин «ПолитКлиникага» карата башка дооматтарын канааттандырган жок. Төгүндөөдөн тышкары мамтелеканал моралдык зыян катары «ПолитКлиникадан» жалпы 10 млн сом, редакциянын өзүнөн 7 млн сом жана видеоматериалдын алып баруучусу, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 млн сом талап кылган.

«ПолитКлиниканын» юристтеринин айтымында, аларга соттун чечими беш жумушчу күндүн ичинде колго тиет. Алар чечим колго тийгенде ага анализ жүргүзүп, апелляциялык арыз даярдоо маселеси талкуулашарын билдиришти.

Азырынча ЭлТР Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча комментарий бере элек. 

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» 2023-жылдын февралынын аягында сотко берген. Басылманы сотко берүүгө «ПолитКлиниканын» видео материалы себеп болгон. Видео материалда журналисттер ЭлТРдин «Садыр Жапаровдун президенттигинин тушунда энергетика тармагына насыя алынган эмес» деген сюжетин талдап, аталган маалымат чындыкка дал келбегенин аныкташкан.  

Көз карандысыз басылманын журналисттери мамканалдын сюжетинде айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт деп айтышкан

Ал эми ЭлТР «ПолитКлиника» өз материалы менен «компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген» деп эсептейт. Мамтелеканал «ПолитКлиникадан» видеоматериалды өчүрүп, төгүндөө чыгарууну талап кылган.

Тема боюнча: ЭлТРдин директору «ПолитКлиниканы» сотко берерин билдирди