Ошто күч колдонуп тургундан акча опузалаган милиция кызматкери кармалды

Ош облусунун Араван районунда күч колдонуу менен тургундан 31 миң сом акча опузалаган аймактык милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу 27-сентябрда УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүү 25-сентябрда 12 миң сом алып жатканда кармалган. Ал райондогу дүкөндөрдүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдады делген кишиден акча опузалаган.

Кылмышка шектүү. Сүрөт: УКМК

Кармалганга чейин аймактык тескөөчү уурулукка шектелген киши менен анын досун кеңсесине чакырып, соттотуп жиберем деп коркутуп, күч колдонуп 19 миң сомун тартып алганы аныкталды. 

Атайын кызмат пара менен кармалган шектүүнү мыйзамга ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Буга чейин, 27-сентябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган. УКМКда шектүү соттолуучуга эркинен ажыратпай, башка чечим чыгарып берүүнү убадалап, анын жакындарынан 5 миң доллар өндүрүп алганын айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте акча опузалоого шектелип шаардык соттун судьясы кармалды