Кыргызстанда экинчи жолу казино ачууга 84 млн сомдук лицензия берилди

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берилгенден бери экинчи жолу «Казино Кристал» ишканасына лицензия берилди. Аталган казинонун ишмердүүлүгүнө уруксат берүүдөн мамлекеттик бюджетке 84 млн сом түштү.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, аталган ЖЧК үстүбүздөгү жылы 1-мартта Бишкек шаарындагы Биринчи май районунда жеке менчик түрүндө кайрадан катталган.

Анын негизги ишмердүүлүгү — лотерея оюндарын уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле лотерея билеттерин сатуу болуп саналат. Компаниянын жетекчиси катары Арсен Масалбеков көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрү болуп Сүйүнбек Үмөталиев, Назим Айткулов, Чубак Асанов жазылган.

Кумарканаларды ачуу

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Бийлик кол коюлган мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналарын айткан.

Жапаров 2022-жылы июнь айында «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде казинолордон түшкөн акчага элдин жашоо шартын оңдоп, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын «жогорку деңгээлге көтөрөбүз» деп билдирген.

Экономика жана коммерция министрлиги үстүбүздөгү жылы 24-мартта оюн-зоок иштеринин түрлөрүнө салынуучу салык ченин азайтууну сунуштаган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы тараптар буга ишене бербейт, себеби алар бийлик аталган талаптын аткарылышын камсыздай албайт деп эсептешет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда биринчи жолу казино ачууга лицензия берилди 

Казино жана букмекердик контораларга лицензия сатуудан мамлекетке 126 млн сом түштү