Чүй: 32 жаштагы аялды бычактап өлтүрүүгө шектелип 67 жаштагы киши кармалды

Кылмышка шектүү

30-сентябрда Чүй облустук милициясы Прогресс айылында 32 жаштагы аялды бычактап өлтүрүүгө шектелген 67 жаштагы киши кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында аялдын кошунасы тарабынан бычакталганы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 67 жаштагы тургун мас абалда кошунасына келип, аны бычактаганы белгилүү болгон. Жабырлануучу Токмок шаарындагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милицичдан иш боюнча тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөнү кабарлашты.

«Турмуш» басылмасы маркумдун артында төрт баласы калганын жазды.

Буга чейин, 20-сентябрда Сокулуктун Селекция айылында мурдагы аялынын кулак-мурдун, ошондой эле бетин кескилеп салууга шектелип 39 жаштагы киши кармалган. Учурда ал ооруканада.

Кыргызстандагы фемицид

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркектердин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Селекцияда бычакталган аялдын иши: Сот шектүүнү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кести