ТИМ: Түркияда мурдагы жолдошунан зомбулук көрдү делген аялдын иши көзөмөлгө алынды

2-октябрда Түркияда 2016-жылдан бери түрк жолдошунан зомбулук көргөн кыргызстандык аялдын сиңдиси президентке кайрылуусу жасады. Ал түрмөгө түшүп калган эжесинин көйгөйүн чечип берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, эжеси 2015-жылы түрк жаранына турмушка чыгып, 2016-жылы балалуу болгон. Жолдошу ошондон бери аялга физикалык да, психикалык да зомбулук көрсөткөндүктөн, 2022-жылы ажырашкан. 

Ал киши кийин да «аялдын жанын койбой коркутканда» эжеси менен сиңдиси анын жанына, Түркияга барган. Бирок түрк жараны аларга да тынчтык берген эмес.

«Ажырашкандан кийин, күйөөсү баласын бир жумада бир алып кетүүгө укугу бар экен. Бирок баланы кыйналган абалда жеткирип берчү. Баланын ичи, көзү шишип, колдору жара болуп, денесинен ийненин издери табылган. Аны ооруканага алып барганда “биз дени сак баланы карабайбыз” деп текшерүүдөн баш тартышкан», — деп түшүндүрдү ал.

Жабырлануучунун сиңдиси алар Кыргызстандын элчилигине кайрылышканда, «жарытаарлык жооп ала албаганын» белгиледи. 

Анын айтымында, түрк полициясы болсо «мыйзам боюнча киши баласын көрүүгө укутуу экенин, эгер тоскоол болсо аялды түрмөгө отургузарын» айтышкан.

 «23-сентябрда мурдагы күйөөсү эжемди үйүнө келип коркута баштаган. Ал эжемди өзүнө, баласына кол салганга чейин жеткирди. Азыркы учурда эжем психологиялык жактан соо эмес деген диагноз менен жана өзүнө жана баласына кол салды деген айып менен түрмөдө отурат», — деди ал.

Тышкы иштер министрлиги эмне дейт?

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык аял үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Түркиядагы Башкы консулдукка кайрылганын 2-сентябрда тастыктады.

Маалыматка ылайык, консулдук аялдын көйгөйүн чечүү үчүн адвокатка жолуктуруп, баласы менен Кыргызстанга кайтып келүүсү үчүн керектүү консультация берген.

Бирок Түркияда мурдагы жолдошунан алимент төлөтүү маселеси каралып жаткандыктан, аял сот процесс аяктаганга чейин ал өлкөдө калууну көздөгөн.

«Аялга көмөк көрсөтүү үчүн Башкы консулдук үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды колдоо фонду менен зарыл жардам көрсөтүү боюнча макулдашкан. Бирок ал белгисиз себептерден улам жардам алуу үчүн аталган фондго кайрылган эмес», — деп белгилешти минитсрликтен.

ТИМден Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу аялга укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш алып барып, маселени көзөмөлгө алганын белгилешти.

Кыргыз жарандары Түркияга көп учурда иштегени барышат. Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун өткөн жылдагы маалыматына ылайык, Түркияда 20 миңдей кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Жалпысынан чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыздардын саны 1 миллион 118 миңди түзгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

ТИМ Түркияда зомбулукка кабылган үч балалуу кыргызстандык аялдын ишин көзөмөлгө алды