Ош: Чоң-Алай жана Ноокат райондорунда митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды

Ош облусунун Чоң-Алай жана Ноокат райондорунун коомдук жайларында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу «Клоопко» 4-октябрда Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районундагы коомдук жайларда митинг өткөрүүгө үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрынан 7-ноябрга чейин тыюу салынды. Ал эми Чоң-Алай районунда тыюу 18-сентябрдан 18-ноябрга уланат. Тыюу салынганы тууралуу октябрдын башында гана маалым болду.

Ош ОИИБи чектөө «коопсуздукту сактоо максатында» киргизилгенин белгиледи. Кенен маалымат берилген жок.

Сентябрдын аягында жергиликтүү бийлик Ош облусунун Өзгөн районунда митинг өткөрүүгө тыюу салган. Соттун чечимине ылайык, аталган аймакта 8-ноябрга чейин митинг өткөрүүгө болбойт.

Чектөө тууралуу белгилүү болгонго чейин абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары аны эркиндикке чыгаруу талабы менен Өзгөн районунун Куршаб айылына чогулушкан

Милиция «коомдук жайларда нааразылык акцияларын жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын» билдирип чогулгандарды таратып жиберген.

Митингдерди өткөрүүгө ушундай эле тыюу Бишкекте да салынып, аны сот 2022-жылдын март айынан бери улам узартып келет. 

Соттун чечимине ылайык, Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Россия элчилигинин жана УКМКнын имараттарынын жанында, Панфилов паркында жана Турсунбаева атындагы сейил багында убактылуу митинг өткөрүүгө болбойт. 

Тыюу мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Башка митингдер жана акциялар Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы сейил багында өтүшү керек. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөндө 8-ноябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынганы белгилүү болду

Бишкекте бир жарым жыл мурда митинг өткөрүүгө салынган тыюу жыл аягына чейин узартылды