Өзгөндө 8-ноябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынганы белгилүү болду

Ош облусунун Өзгөн районунда митинг уюштурууга убактылуу тыюу салынды, чектөө эки айга созулат. Бул тууралуу 29-сентябрда «Турмуш» басылмасы облустук сотко таянып жазды.

Мындай чечимге райондук милициянын аймакта митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин мыйзамдуу деп табуу өтүнүчү менен сотко арыз бергени негиз болгон.

«Милиция 8-сентябрдан 8-ноябрга чейин расмий иш-чаралардан тышкары, райондук администрациянын, мэриянын, шаардагы маданят үйүнүн, айыл өкмөттөрүнүн, стадиондордун алдында жана башка жерлерде митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимди мыйзамдуу жана негиздүү деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Райондук сот 12-сентябрда Өзгөн РИИБнин чечмин канааттандырган», — деп белгилешти милициядан.

Буга чейин, 26-сентябрда «Мамлекеттик чыккынчылык» айыбы тагылган, абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары Өзгөндүн Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн «Чынар» сейил багына чогулган. Алар саясатчыны бошотууну талап кылышмак.

Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынган деген жүйө менен чогулгандарды таратып жиберген. Ага чейин бул тууралуу кабарланган эмес.

Бишкектин борборунда да митинг өткөрүүгө болбойт. Алгач Биринчи май райондук соту митинг өткөрүүгө тыюуну 2022-жылдын мартында киргизген. Кийин узартып отуруп, акыркы жолу тыюу 2023-жылдын 31-декабрына чейин салынган.

Чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Башка митинг жана акциялар Исанов көчөсүндөгү Максим Горький атындагы скверде өтүшү керек.

Экс-акыйкатчы Атыр Абдрахматова соттун митингдерге тыюу салуу чечимин жөнсүз деп атаган. Ал бул чечим Конституцияга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин айткан. Анын пикиринде, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте бир жарым жыл мурда митинг өткөрүүгө салынган тыюу жыл аягына чейин узартылды