Ош мэриясы дагы эки жер үстүнөн жөө өтмөк курууну пландап жатат

Ош мэриясы 3-октябрда калаага курулушу пландалып жаткан дагы эки өтмөктүн эскизин жарыялады. Аталган долбоорлор коомдук талкууга коюлду. 

Өтмөктөрдүн бири Масалиев жана Монуев көчөлөрүнүн кесилишине курулуп, жер үстүнөн айланып өтөт. 

Дагы бир өтмөк Монуев, Шакиров жана Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде жер астынан жана үстүнөн унаалар, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү эки деңгээлдүү болору пландалууда

«Тургундар сунуштарын айтса, аларды эске алуу менен бир бүтүмгө келебиз. Кудай буюрса, долбоорлорду быйыл баштайбыз, ал эми өтмөктөрдүн курулушу кийинки жылдан башталат деп ниеттенип жатабыз. Канча каражат кетерин азырынча айтыш кыйын, долбоордон кийин смета түзүлөт», — деди «Клоопко» мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев.

Ош мэриясы быйыл май айында Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишине жергиликтүү бюджеттен 45,3 млн сомго жөө жүргүнчүлөр үчүн айланма өтмөктүн курулушун баштап, 31-августта пайдаланууга берген.

Аз өтпөй соцтармактарда жөө жүргүнчүлөр үчүн курулган айланма өтмөктө «жарака пайда болуп, авариялык абалга кептелгени» айтылган видео тараган. Бирок мэриядан ал жарака экенин четке кагышкан.  

Ал эми курулуш бүтө электе, 5-августта, өтмөктүн бир бөлүгүнө куюлган бетон агып түшкөн. Анда мэриядан «өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген жок» деп ишендиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Оштогу жаңы курулуп жаткан жер үстүндөгү өтмөктүн бир бөлүгү урап калды

Ошто 45,3 млн сомго өтмөк курула баштады. Ал эмне үчүн пайдасыз экенин (мэрияга) түшүндүрөбүз