Ош: Лифти аварияга учураган үйдүн жашоочулары тиешелүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты

Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үй. Сүрөт: Медет Узакбаев / 2GIS

4-октябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт аварияга учурап, 39 жаштагы киши каза тапты. Үйдүн жашоочулары куруучу компания турак жайды толугу менен бүтүрбөй, сапатсыз кылып тапшырып койгонун, ал эми лифт боюнча буга чейин бир нече жолу арызданышканын, бирок эч кандай жыйынтык болбогонун айтышты.

Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн тургундарынын укуктарын коргогон жактоочу Ислам Ахмедов турак жай пайдаланууга берилерде текшерүүдөн өтпөгөнүн билдирди. Жактоочу турак үй «Голд Сити» ЖЧКсы тарабынан курулганын айтты.

«Биз апрель айынан тарта келишим түзүлгөндөн бери эле эле текшерүүдөн өтпөгөнүн айтып, нааразы болуп келе жатабыз. Лифти абдан сапатсыз. Үйдү курган компания лифт курган компанияга шылтап коюшу мүмкүн. Бул күнгө чейин канчалаган жашоочулар лифтте камалып калып, арыз жазышкан. Иштери каралып, эскертүү берилип, кыскартылып жүрө берген [...] Андыктан ушул ишти карап, тиешелүүлөрдү жоопко тартуу талабы менен президентке, УКМКнын төрагасына кайрылабыз», — деди Ахмедов.

 

Жашоочолур буга чейин «Дельта-Лот» компаниясынын лифти алып салынып, ордуна түрк компаниясынын лифти коюлганын айтышты. Бирок ал деле тез-тез бузулуп, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып келген. Тургундар үйдү курган компаниянын жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылып жатышат.

«Жаңы орнотулган лифт деле курулгандан бери жакшы иштебейт. Ар күнү бузулат, улам эле техникалык кызматкерди чакырабыз. Эки апта мурда менин кызым менен кошуна кыздар камалып калышканда лифтке жооптуу түрк кызматкер келген, анын ордуна жооптуу болуп ошол [маркум] киши келген экен. Ошондо биринчи жолу көргөнбүз. [...] Кечээги окуядан кийин баарыбыз өзүбүзгө келе албай, шок абалдабыз. Бир адамдын өлүшү шарт беле?» — деди жашоочулардын бири Зулхумар Тешебаева.

Курулуш компаниясы окуя боюнча билдирүү тарата элек. 

4-октябрда Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн лифти аварияга учурап, 39 жаштагы киши каза тапкан. Маркум Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну жана үч баланын атасы экени аныкталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 39 жаштагы киши лифтке кыпчылып каза тапты