Күрөшчү Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медаль утту

Нурзат Нуртаева. Сүрөт: «Акипресс»

6-октябрда кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы жолу күмүш медаль жеңди.

Ал эркин күрөш боюнча 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/4 финалдан тарта казакстандык Елена Шалыгинаны утуп, жарым финалда монголиялык Делгермаа Энхсайханды жеңди.

Спортчу финалда кытайлык Фенг Жу менен беттешип, 2:13 эсебинде утулуп калды.

Учурда улуттук кураманын куржунунда 13 медаль бар — 4 алтын, 2 күмүш жана 7 коло. 

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүйүнчү! Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын тагынды

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова жана Кымбат Тойтонова коло медаль утту

Каратист Адилет Шадыканов Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду