«Клоопту» жоюу боюнча сот: Процесске Юстиция министрлиги катышат  

Бүгүн, 6-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюуну талап кылган арызы боюнча баштапкы соттук уктуруу улантылды.

Сотто «Клооптун» юристтери процесске үчүнчү жак катары Юстиция министрлигин катыштыруу тууралуу өтүнмө беришти, себеп дегенде дал ошол ведомствонун «Клооп Медиа» жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестринде жок, ошондуктан жоюулууга тийиш деген катынын негизинде шаардык прокуратура сотко арыз берген.

«Биз Юстиция министрлигинин жообу бир эле позицияны билдирет деп ойлойбуз. Ошого байланыштуу, үчүнчү жак сөзсүз катышышы керек деп эсептейбиз, себеби каттоо, кайра каттоо жана жоюу ишин дал ошол Юстиция министрлиги аткарат. Ошондой эле Юстиция министрлигинин катышуусу алардын далилдик базасын жана алар эмне үчүн юридикалык жак ЖМКнын реестринде жок болгондугунун негизинде эле жоюулууга тийиш деген аргументтерин тактап алууга жол берет», — деп белгиледи юрист Фатима Якупбаева.

Прокуратуранын өкүлдөрү «Клооптун» юристтери келтирген өтүнмөгө каршы чыгышты. Бирок судья Юстиция министрлигин үчүнчү жак катары сот процессине тартуу боюнча өтүнмөнү канааттандырып, тыныгуу жарыялады. 

Кийинки отурум 23-октябрда саат 13:30да өтөт. 

Прокуратуранын «Клооп Медиага» каршы доо арызы каралып жаткан соттун кичинекей залы. Процесстин жүрүшүнө адамдардын бир бөлүгү отуруп, ал эми калгандары кире бериште туруп көз салууга аргасыз. Сүрөт: Kloop.

«Клоопко» каршы доо арыз

Бишкек шаардык прокуратурасы 28-августта борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берген. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган.

Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин айтымында, басылманы жабуу тууралуу арыз «Клооптун» иликтөөсүнө байланыштуу болушу ыктымал. Иликтөөдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары өлкөдө Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун академиясынын курулушуна катышып жатат деп айтылган.

Бир катар белдүү эл аралык укук коргоо уюмдары жана медиакоомчулук «Клоопту» коргогон билдирүүлөрдү жасашкан. Алардын баары кыргыз бийлигин басылмага каршы арызды кайтарып алууга, журналисттерге карата куугунтукту жана сөз эркиндигине карата басымды токтотууга чакырышкан.

Дагы окуңуз: Прокуратура «Клооп» гранттык каражаттарын жашырды деп айтып жатат. Чынында — андай эмес