Акыйкатчы өнөктөшү зомбулук көрсөттү делген аялдын укугун коргоого чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева милиция, сот жана прокуратурага кайрылып, жарандык жолдошу көп жылдан бери зомбулук көрсөтүп жүргөн аялдын укуктарын коргоого чакырды.

Маалыматка ылайык, 34 жаштагы жабырлануучу Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылган. Ал 14-сентябрда бирге жашаган адамы аны катуу сабап, билектерине ысык үтүк басып, кийин зордуктаганын айтып берген.

Зомбулукка кабылды деген аялдын жаракаттары. Сүрөт соцтүйүндөн алынды.

Жабырлануучу окуя алардын батиринде болгонун, кичинекей кызы башка бөлмөдө отурганын белгилеген. Шектүү American school’дун директору экени кабарланган.

«Аял зөөкүрдөн араң кутулуп, ич кийимчен, ылаңайлак көчөгө качып чыккан. Кароолчунун бөлмөсүнө жашынып, кошуналарынан жардам сураган. Алар аялды жумушка жеткирип, зарыл болгон жардам көрсөтүшкөн. Ал ошол эле күнү милицияга кайрылган», — деп белгилешти мекемеден.

Бул боюнча Бишкектин Октябрь райондук милициясы «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми райондук сот шектүүнү эки айга камакка алган.

Айыпталуучунун адвокаты райондук соттун чечимин боюнча шаардык сотко доо арыз берген. 6-октябрга белгиленген сот отуруму, жактоочунун ооруп калганына байланыштуу тогузуна жылдырылган.

Акыйкатчы институтунан жабырлануучу «сот шектүүнү боштуп, ал кайра кордук көрсөтүп баштайт деп коркуп жатканын» кошумчалашты.

«Мурда өлүмдөн коркчу эмесмин, ал тууралуу ойлочу да эмесмин. Азыр абдан коркуп калдым, кичине эле дабыш чыкса калтырап кетем. Башыман өткөн азап-тозок кайра башталабы деп чочулайм. Жолдошум мурда эле уруп-сабап, зордуктап жүрчү. Бирок ооз ачуудан кооптончумун, анткени ал “кызымды алып кетем, эч качан көрбөйсүң” деп коркутчу. Укук коргоо органдарына кайрылсам, баары бир жазадан кутулуп кетчүдөй сезилчү. Азыр да ошентип кооптонуп жатам. Кызым үчүн корком», — деген жабырлануучу аял.

Акыйкатчы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисин, борбор калаанын прокурорун бул ишти жеке көзөмөлгө алууга чакырды.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдөгү эң көйгөйлүү маселелердин бири. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, 2023-жылдын сегиз айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 8 512 учуру катталган.

Ал быйыл катталган үй-бүлөлүк зомбулуктун учурлары өткөн жылкыга салыштырмалуу көбөйгөнүн белгилеген. Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 учуру катталган.

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп табылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Өнөктөшүнө зомбулук көрсөтүп жүргөн шектүү эки айга камалды

Аялын өлтүрбөсүн деп эмнеге эркектерге кайрылбайсыңар? — укук коргоочу Самыйкожого кайрылды