Аялын өлтүрбөсүн деп эмнеге эркектерге кайрылбайсыңар? — укук коргоочу Самыйкожого кайрылды

30-сентябрда укук коргоочу Назгүл Турдубекова күйөөсү зомбулук көрсөткөн аял өз жанын кыйганын фейсбук барагына жазып чыкты. Ал келиндин үч баласы жетим калганын, окуя Бишкекте болгонун белгиледи.

«Азыр анын жакындары телефон чалды. Суицид, каза болуптур. Туугандарынын алдын ала маалыматына караганда, окуя күйөөсүнүн зордук-зомбулугунан кийин болгон. Жакындары анын мындай ишке барганына ишенбей жатат. Эх, мурда ал бул тууралуу социалдык тармактарга жазганында, жардам берүүгө үлгүрмөкпүз», — деп белгиледи Турдубекова.

Укук коргоочу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожого кайрылып, «зомбулук жөнүндө көп жазбай коюу аялдарга зөөкүр күйөөсүнөн коргонууга жардам береби» деп суроо салды.

«Аялын өлтүрбөсүн деп эмнеге эркектерге кайрылбайсыңар? Өз деп унчукпаган позиция чындап эле аялдар менен балдардын абалын курчутат. Айыл жана шаар деңгээлинде аялдар менен балдарды коргой турган социалдык кызматкерлер абдан аз!», — деди укук коргоочу

Буга чейин Самыйкожо парламент жыйынында атайылап үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат тараткандарга ИИМ чара көрүшү керек деп билдирген. Ал «кыргыздар эч качан аялды бөлгөн эмес, алар дайыма бирдей жан шерик жана тең» болгонун айтып, «аял затына басым коюп, эркек затын жаманатты, мыкаачы, зордукчул, зомбулукчул көрсөтүп албайлы» деп белгилеген.

18-сентябрда Кара-Кулжа районунда да үч балалуу аял асынган абалда табылган. Маркумдун жакындары ал киши колдуу болушу мүмкүн экенин белгилеп, буга чейин аны күйөөсү менен ажыраштырууга аракет кылышканын айтышкан.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдөгү эң көйгөйлүү маселелердин бири. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, 2023-жылдын сегиз айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 8 512 учуру катталган.
Ал быйыл катталган үй-бүлөлүк зомбулуктун учурлары өткөн жылкыга салыштырмалуу көбөйгөнүн белгилеген. Расмий маалыматтарына ылайык, 2022-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 учуру катталган.

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп табылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Самыйкожо: ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат тараткан булактарга чара көрүшү керек

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү