Кара-Сууда унаа өрттөнүп, төрт киши жаракат алды — алардын экөө жаш бала

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында «Мерседес- Бенц» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп, төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук кайгуул милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 5-октябрда Шарк айыл аймагынын Фуркат айылындагы «Дубай» кафесинин жанында болгон. Унаадагылар Алай районуна бара жатышкан.

Кырсыктын кесепетинен Алай районунун Сопу-Коргон айылынын 29, 26 жаштагы эки тургуна жана 4, 2 жаштагы эки жаш бала жаркат алган. Азыркы тапта алар ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу: «Россия нефть» базасында өрт чыгып, эки адам жабыркады

Ош — Эркечтам унаа жолундагы кырсыктан үч студент кыз каза тапты