«Ал менин президентим болчу». Депутат Сатыбалдиев Беларуста Бакиев менен жолукканын тастыктады 

10-октябрда депутат Элмурза Сатыбалдиев бозгун президент Курманбек Бакиев менен Беларуста жолукканын тастыктады.  

«Мен бул сапардын алкагында Бакиев менен жолуктум. Ал менин президентим болгон, мен анын тушунда иштегем. Бул адамдык мамиле гана. Аны менен көрүшүп, ал-акыбал сурашкым келди. Аны менен саясат жөнүндө эмес, турмуштук темаларда гана сүйлөштүк», — деп билдирди эле өкүлү  Kaktus.media’га.  

Ал эми AKIpress басылмасына курган маегинде депутат аялынын кайтыш болгонуна байланыштуу Бакиевге көңүл айткысы келгенин билдирди. 47 жаштагы Назгүл Төлөмүшова Минскте 2023-жылдын январында каза болгон.  

«Мен өз каалоом менен жолугуштум, аялынын кайтыш болгонуна байланыштуу жеке өзүнө көңүл айтып коюну эп көрдүм. Аны менен жакшы мамиледемин, анткени чогу иштеп калдык да. Жолугушуу бейтарап аймакта өттү. Эч нерсени деле сүйлөшкөн жокпуз, менин негизги каалоом көңүл айтуу болчу. Куран окудук. Бир жарым-эки сааттай отурдук. Мен өзүм жалгыз жолуктум. Жолугушуу демилгесин өзүм көтөрдүм», — деп айтты ал. 

Сатыбалдиев Бакиев президент болуп турган кезде Ысык-Көл облусунун прокурору, кийин УКМКнын төрагасынын орун басары, ал эми 2007-2009-жылдары башкы прокурор болгон.

Төрага Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Беларуска болгон иш сапарда  

Сатыбалдиев баштаган парламенттик делегация өткөн аптада Минскке барган жана анда өлкө жетекчилиги менен жолугушууларды өткөргөн. Делегацияны 2006-2009-жылдары Бакиевдин басма сөз катчысы болгон төрага Нурланбек Шакиев баштап барган.  

Ал эми күн мурун соцтүйүндө Шакиев депутаттар Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков болуп Бакиев менен жолуккан деген маалымат тараган. 

Бирок төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган.  

«Өлкө жетекчилеринин мындай расмий сапарларынын программасы алдын ала макулдашылып, эки өлкөнүн протоколдук, күзөт кызматтары биргеликте иштешет, ошондуктан жолугушуулар ачык-айкын өткөрүлөт. Төраганы баарыбыз коштоп жүрдүк, менден башка элчиликтин да кызматкерлери жолугушууларга катышып жүрдүк. Курманбек Бакиев менен жолугушуу болгон эмес», — деп айтты «Азаттык» берген интервьюсунда.

Ошондой эле Сыдыков да Бакиев менен жолугушпаганын билдирди.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып барган, учурда ошол жакта жашайт. Кыргызстанда Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.

Ар убакта өлкө президенттери Бакиевди жазага тартыш үчүн өлкөгө экстрадиция кылып алып келүүгө аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес.