ЖМК: Курманбек Бакиевдин жубайы каза тапты, сөөгү Кыргызстанга коюлат

Кыргызстандын экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар Бакивдерге жакын булактарга же Төлөмүшеванын жердештерине таянып жазышты

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, Назгүл Төлөмүшева ооруп жүргөн, ал Минск шаарында көз жумду. Маркумдун жакындарына таянып, анын сөөгү Кыргызстанга алып келингени айтылууда.

«Ушу тапта Төлөмүшеванын жакындарынын Казармандагы (Жалал-Абад облусу) үйүндө акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат [...] Тажыясына Курманбек Бакиевдин катышары же катышпары азырынча кабарлана элек», — деп жазды басылма.

Назгүл Төлөмүшева Кыргызстандын бозгун президенти Курманбек Бакиевдин «экинчи аялы» деп айтылып жүрөт. 2011-жылы «Аят-пресс» гезити Төлөмүшеванын интервьюсун жарыялаган. Анда 1995-жылдан тартып Курманбек Бакиевдин «экинчи» аялы экенин, бозгун президент менен 1993-жылы сулуулук сынагында таанышканын ачыктаган.

Назгүл сынактын жеңүүчүсү болгон, ал эми Курманбек Бакиев ага сыйлык тапшырган. Сынак өткөн маалда Төлөмүшева 15 гана жашта болгон. Бакиев менен Төлөмүшеванын ортосунда эки бала бар — кызы Лейла жана уулу Данияр.

Курманбек Бакиев Назгүл Төлөмүшева жана балдары менен.

Бакиев тактан кулагандан кийин Төлөмүшева Минск шаарында жашап калган. 2016-жылы ал расмий Беларус президентинин иш башкармалыгына караштуу «Отель Минск» ишканасынын директору болуп дайындалганы маалым болгон.

Курманбек Бакиевдин расмий аялы — Татьяна Бакиева. Бирок жубайлардын ажырашканы тууралуу басма сөз жана башка ачык булактарга жарыяланган эмес. 2010-жылы Бакиев тактан кулатылгандан кийин Татьяна Бакиева бир аз убакыт Минскте жашап, бирок кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда ал кайда экени белгисиз.

Бакиевдин тактан кулатылышы

Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабында ошол кездеги президент Аскар Акаев тактан кулатылган соң бийликке келген. Бакиев башкарып турган мезгил саясий негизде адам өлтүрүү, баласы Максимдин рейдерлик жоругу, авторитаризм, журналисттерди коркутуу жана өлтүрүүлөр менен белгилүү.

2010-жылдын 7-апрелинде 87 киши каза болгон элдик революциянын жыйынтыгында Бакиев тактан кулатылган. Анын ордуна бийликке Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт келген. Бакиев болсо үй-бүлөсү менен Беларуска качып, жарандык алган. Азыркыга чейин ал ошол жакта жашайт.

2016-жылы сот бозгун президент Курманбек Бакиевди апрель ыңкылабы боюнча сыртынан 30 жылга эркинен ажыратып, издөө жарыялаган. Иниси Жаныш Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, уулу Максим мүлкүн кофискациялоо менен сыртынан ушундай эле мөөнөткө кесилген.

Кыргызстан он жылдан бери мурдагы президентти жана анын үй-бүлөсүн экстрадициялоо аракетин жасап келет, бирок азырынча андан майнап чыга элек.

«Башкы прокуратура бир нече ирет кат жөнөткөн. Бирок аталган мамлекет баш тарткандыктан, аларды өлкөгө кайтаруу азырынча мүмкүн болбой жатат», — деген 2022-жылдын 6-апрелинде башкы прокурор Курманкул Зулушев.

Дагы окуңуз: Бекешев: «Бакиевчилерди реабилитация кылуу аракети болуп жатат, бирок андай кыла алышпайт»