Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «Казбек кара» аттуу активдүү мүчөсү кармалды

УКМК кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «Казбек кара» каймана аты менен белгилүү активдүү мүчөсү Казбек Билаловду кармады.

Маалыматка ылайык, ал «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Бишкектин аймагында колго түштү.

Шектүү. Сүрөт: УКМК

Атайын кызматтан Билалов мурда да бир нече жолу соттолгонун белгилешти. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин атайын кызмат Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кырктан ашык активдүү мүчөсү кармалганын билдирген. Ошондой эле кримтөбөлдүн мыйзамсыз жол менен алынган мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларды түзөрүн, алар камакка алынганын айтышкан.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады