Ош: Кара-Сууда 39 жаштагы тургун онунчу кабаттан кулап кетти, учурда комада

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жийделик айылында 39 жаштагы киши онунчу кабаттан кулап кетти, учурда абалы оор. Бул тууралуу «Клоопко» 11-октябрда Ош облустук ооруканасынан тастыкташты.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, Ноокат районунун тургуну 10-октябрь саат 17:00 чамасында Жийделик айылында курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 10-кабатынан кулап түшкөн. 

Учурда бейтап Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Жаңы курулуп жаткан Ак үйдүн имаратынан өзбекстандык жумушчу кулап түштү

«Үйдү бекитип кетишкен». Бишкекте өспүрүм кыз 4-кабаттан кулап кетип ооруканага жеткирилди