Жалал-Абадда «кыргыз-орус достугуна» арналган парк курулат

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы «достук» паркынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу 11-октябрда минкабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага минкабдын төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров жана Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышты.

Парктын аянты болжолдуу 7 гектарды түзөт жана курулуш иштери кийинки жылы бүтөрү айтылды. Курулушка жалпы 2 млн доллар инвестицияланган.

Сейил бактын долбоорунда коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле баскетбол, кичи-футбол ойноо үчүн спорттук кластерлердин курулушу каралган. 

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын достук паркын» курууга капсула салуу — «эки элдин жана өлкөнүн достук мамилесинин ачык далили экенин жана байланыштар тарыхый жактан бекемделгенин» белгиледи.

«Кыргызстан Орусия Федерациясынын 81 субъектиси менен бекем байланышта экенин канааттануу менен белгилегим келет. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу тармактарында 40тан ашуун келишим түзүлдү. Эки өлкөнүн облустары менен шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча 10дон ашуун келишимдер бар. Биз бул динамиканы бекемдеп жана өнүктүрөбүз», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Кыргызстан Орусиянын «стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин, өлкөлөр ортосунда саясий диалог түзүлүп, аймактар аралык кызматташтык активдүү темпте өнүгүп жатканын» айтты.

«Эки өлкөнүн аймактарынын достук паркы эң сүйүктүү эс алуу жайына айланып, бүгүн тигилген көчөттөр өсүп, муундардын байланышынын символу болуп калаарына ишенем», — деди Алексей Оверчук.

Капсула салуу аземинен кийин сейил бактын аймагына көчөттөр отургузулду.

Кыргызстан менен Орусиянын аймактар аралык жыйынынын алкагында өткөн иш-чара орус президенти Владимир Путиндин расмий сапарынын алдында болду. 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен 12-октябрда келет. Анын келери тууралуу 2023-жылдын майында эле белгилүү болгон. Анда орус ажосун президент Садыр Жапаров чакырган, бирок качан келери айтылган эмес болчу.

Путин, согуш жана Рахмонго сыйлык берүү

Путинге карата мамиле Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин өзгөргөн. Кыргыз бийлиги бул маселеде нейтралдуу позицияны карманууга аракет кылууда. Анткен менен кыргызстандыктар бир нече жолу Украинадагы согушка каршы чыгып, Украинадагы согушта каза таап, жетим-жесир калгандар үчүн Путин Гаагадагы Эл аралык жазык сотунда жооп берүүсү керек деп митингдерге чыгышкан.

Владимир Путин жана Эмомали Рахмон

Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга салымы үчүн» орден ыйгарганы да Кыргызстанда терс реакция жараткан. Бул окуя октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин болгон. Коңшу өлкөнүн президентин сыйлоо кыргыз жарандарын эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарын да нааразы кылган.

Путиндин Украинага каршы согушу карапайым кыргызстандыктардын да турмушуна таасир эткен. Сентябрда Бишкек Орусиядагы мобилизациядан жашырынгандардын массалык агымына кабылган. Мындан улам Бишкекте турак-жай ижарасы кымбаттап кеткен.

Кыргызстанда ЕАЭБдин дарегине суроолор да көп. Товар, капитал жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшү үчүн деп түзүлгөн мейкиндик иш жүзүндө кыргыз товарларынын ЕАЭБ базарына эркин чыгуусун кепилдебейт, ал эми санкциялардан кийин өлкө жарандары үчүн импорттук унааларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн да кыйла кыскарткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров: 12-октябрда Путиндин Кыргызстанга келери күтүлүп жатат