Баткен: Чек арада жашаган тургундар медицинадагы жеңилдиктердин мөөнөтүн узартып берүүнү суранышты

Баткен облусунун чек арага чектеш Миң-Булак айылынын тургундары медицинадагы жеңилдиктердин мөөнөтүн узартып берүүнү суранышты. Аталган айылдын тургундары «Клоопко» куралдуу жаңжалда жабыркаганын айтып, «ансыз да кыйын абалдабыз» деп билдиришти. 

Гүлсүн Кумарбаева. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Миң-Булактын тургуну Гүлсүн Кумарбаева сентябрда келини ооруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылганын билдирди. Ал жакта 2 күн дарыланып, үйгө чыгарда ооруканадагы орун үчүн төлөө керектигин айтышкан. Мунун себебин чек аранын тургундарына каралган жеңилдетүүнүн мөөнөтү 14-сентябрь күнү аяктаганы менен түшүндүрүшкөн.

«Келинимди “акча төлөбөсөң чыгарбайбыз” дешиптир. Дарыларын да өзүбүз сатып алдык. Мен барып “былтыркы жаңжалда үйүбүз күйгөн, учурда ооруканага төлөй турган каражатыбыз жок, укол-дарыларды өзүңөр бербепсиңер” дедим. Алар “бизде берилбейт, тетрациклин да жок” дешти», — дейт ал. 

Кумарбаева оорукананын кассасына 1300 сом төлөгөн. Аял үйү менен кошо күйгөн буюмдары үчүн кенемте да ала электигин айтып, чек арадагы тургундар үчүн медицинадагы жеңилдиктердин мөөнөтүн узартып берүүнү суранды. 

«Азыр биздин абалыбыз жакшы эмес, акча жок дегендей. Ошол үчүн ушул токтомду жок дегенде дагы 6 айга узартып берсе жакшы болот эле. Мына азыр ич оору, сарык оорусу чыгып жатат. Ошол үчүн ооруканага кеңири каттап турсак жакшы болмок. Бир үйдө 3-4 жан ооруп калса, кыйын болот экен. Дарыларды сатып алса, койкага төлөгөн оор эле болуп жатат. Келиним ооруган учурда өзүм да ооруганмын. Айлам кетип, өзүм үйдөн эле дарыландым», — деди ал.

Миң-Булак айылынын тургундары. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

2022-жылдын сентябрындагы куралдуу жаңжалдан кийин Баткендин тургундарына оорукананын төлөмдөрүндө 50% жеңилдик берген токтом чыккан. Бирок ал үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында күчүн жоготкону белгилүү болду. 

Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков «Клоопко» токтомдун мөөнөтүн узартуу «минкабдан көз каранды» деп билдирди. Анын айтымында, учурда баткендиктер үчүн рентген, флюорография жана УЗИ аппараттарына түшүү гана бекер. 

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Өткөн жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.