Режиссёр Самара Сагынбаева Пусандагы эл аралык фестивалда сыйлыкка татыды

Кыргызстандык режиссёр Самара Сагынбаева Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда уюштурулган Азия фильмдер Академиясынын Promising Award — «Үмүттөндүргөн сыйлыкты» жеңип алды. Аталган сыйлык 500дөн ашык азиялык киночудан тандалган 24 адамдын ичинен экөөнө гана берилүүчү эң башкы сыйлык болуп эсептелет. 

«Экинчи сыйлыкты Ирандык режиссёр утту. Биздин команда 4 режиссёрдон туруп, менин сценарийиме жазылган "Кореядагы Акыркы Түн" тасмасын тарттык. Эл аралык чоң команда, профессионалдар менен иштөө келечек үчүн чоң жол деп үмүттөнөм. Көп нерсе үйрөндүм, шыктандым. Баса, дүйнөдөгү эң алдыңкы делген академиянын тарыхында алгачкы кыргызстандык катышуучу болдум», — деп билдирди режиссёр өзүнүн Фейсбук барагында.

1996-жылы негизделген Пусан кинофестивалы Азиядагы эң ири кинофестивалдардын бири болуп саналат. Быйыл фестиваль 4-13-октябрда өттү. Бул фестивалда дагы бир кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» деп аталган тасмасы Jiseok конкурсунун башкы сыйлыгын жеңди

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кыз ала качуу» тасмасы Пусандагы эл аралык кинофестивалда конкурстун башкы сыйлыгын жеңди