УКМК: Көлбаев үчүн өч алууну көздөгөн үч жалданма киши өлтүргүч кармалды

14-октябрда УКМК кармоо операциясы учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев үчүн өчүн алууну көздөгөн үч киши кармалганын билдирди.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: УКМК

Маалыматка караганда, «Альфа» атайын кызматы чек арадан мыйзамсыз өткөн үч өзбек жаранын кармаган — алар 26 жаштагы Ойбек Каримбердиев, 27 жаштагы Азамат Рустамов жана 29 жаштагы Исламхон Абдулкаффаров.

«Алдын-ала сурактагы кɵрсɵтмɵгө ылайык, жогорудагы Ɵзбекстандын жарандары мыйзамдагы ууру К.Асанбектин (Кɵлбаев) ɵчүн алуу үчүн, керектүү адамды жок кылуу буюртмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен», — дешти атайын кызматтан.

Атайын кызматтан кармалгандар Өзбекстанда адамды өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөнүн кошумчалашты. Алар Өзбекстанга өткөрүлүп берилди.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

Кийин УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшүрүлгөнүн билдирген. Кармалгандардын арасында айрым бизнесмендер да бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев кармоо учурунда жок кылынганын тастыктады