«Кылмыш чөйрөсүнөн баш тартты». Мирлан Ашимов баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелип кармалды

Кылмыш дүйнөсүндө «Мирлан Ысык-Көлдүк» каймана аты бар Мирлан Ашимов «баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана ташууга» шектелип кармалды. Маалыматты «Клоопко» 16-октябрда Ички иштер министрлигинен тастыкташты. 

Билдирүүдө милициянын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн бир нече адамга көңүлү түшүп, иликтөө иштерин жүргүзгөн соң кылмыш ишин козгогону айтылат.

Ашимов 7-октябрда соцтүйүн аркылуу кылмыш дүйнөсүнө кайрылуу жасап, кармоо операциясы учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өнөктөшү болгонун айтып, анын жолун жолдоого үгүттөгөн.

Мирлан Ащимов. Сүрөт: ИИМ

«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Мирлан Ашимовду 14-октябрда баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектеп кармады. Анын үйүнөн аз өлчөмдө баңгизат табылды», — дешти милициядан.

Кармалган соң Ашимов кайрадан видео кайрылуу жасап, «кылмыштуу чөйрөнүн түшүнүктөрүнөн баш тартып, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада бергени» айтылат.

УКМК 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн соң, түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштаган.  

Кийин УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жалпы жону уюшкан кылмыштуу топтун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөн

Ошондой эле Көлбаев жок кылынгандан кийин соцтүйүндөрдө УКТ мүчөлөрү менен кримтөбөлдөр «мыйзамдагы ууру» деген макамадары менен кылмыш чөйрөсүндөгү «түшүнүктөрдөн» баш тартып, өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүнү убада кылган видеолору тарап жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров: Кыргызстан бейиштин төрүндөй болот, криминал деген түшүнүк болбойт