УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир активдүү мүчөсүн кармады

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча «смотрящий» делген шектүү кармалды. Бул тууралуу 14-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаран. Сүрөт: УКМК

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган киши коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөн. Ага «Пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле анын жашаган жеринен каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды. Учурда ал УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн соң, түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштаган.

Кийин УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жалпы жону уюшкан кылмыштуу топтун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөн.

Ошондой эле Көлбаев жок кылынгандан кийин соцтүйүндөрдө УКТ мүчөлөрү менен кримтөбөлдөр «мыйзамдагы ууру» деген макамадары менен кылмыш чөйрөсүндөгү «түшүнүктөрдөн» баш тартып, өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүнү убада кылган видеолору тарап жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Көлбаев үчүн өч алууну көздөгөн үч жалданма киши өлтүргүч кармалды