Ош: «Эркечтамда» кишини өлтүрө коюп кеткен чет өлкөлүк жаран кармалды

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө пунктунда адамды өлтүрө сүзүп, изин жашырып кеткен 47 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 18-октябрда Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү үстүбүздөгү жылдын апрелинде «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктунда унаасын токтотуп кетип бара жаткан 38 жаштагы чет өлкөлүк жүк ташуучу унаанын айдоочусун сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Жабырлануучу жеринде каза тапкан.

Бул факт Алай РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүгө издөө жарыяланган. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалып, «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

16-октябрда шектүү кармалып, камакка алынды. Тергөө уланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош — Эркечтам унаа жолундагы кырсыктан үч студент кыз каза тапты

Ош — Эркечтам жолунда авто кырсыктан төрт киши каза тапты