Шаардыктардын эсебинен акча табалы деген жокпуз — Сазыкулов жол кирени көтөрүү планы тууралуу

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов борбор калаада коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүүнү демилгелеген муниципалитеттин сунушуна комментарий берди. Буга чейин мэрия токтом долбоорун иштеп чыккан, ага ылайык, маршруткаларда, автобус жана троллейбустарда жол акысын 20 сомго чейин көтөрүү сунушталууда

Сазыкулов азыркы өзүн-өзү актабаган тарифтер кала берсе «Бишкек бир нече жылдан кийин кайра эле эски жана жүрбөгөн автобустары менен калат» деп билдирди. 


Анын айтымында, жол акысы бүгүнкү күнгө чейин муниципалдык ишканалар үчүн «рентабелдүү» болбой, шаардык бюджеттен субсидияланып келет. 

«Биз бул тарифтерди жок дегенде өздүк наркына теңейли деп чечтик. Бүгүнкү күндө тариф 11 сом, ал өздүк наркы — 20 сом. Жарандардын эсебинен акча таап алалы деген сөз жок. Биз автопарк жыл сайын 5-10%га жаңыланып турсун деп жол кире акысына кандайдыр бир рентабелдүүлүктү киргизгибиз келет», — деп билдирди вице-мэр «Биринчи радионун» эфиринде.

Сазыкулов жол кирени нак акча менен төлөгөндөр үчүн өзүнчө тариф киргизүү маселеси да каралып жатканын билдирди. 

«Накталай төлөм жүргүзүү системасы көбүнесе коомдук транспортту анда-мында эле колдонгондор үчүн ылайыкталат. Бул боюнча 25 сом деп коюну сунуштап жатабыз. Ал эми накталай эмес төлөм системасы боюнча — 20 сом», — деди ал. 

Акыркы жолу шаар бийлиги коомдук транспорттун тарифтерин 2021-жылдын сентябрында өзгөрткөн. Учурда автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом, ал эми маршруткаларда 15 сомду түзөт.

20-августтан тартып муниципалдык автобус жана троллейбустарда жол кире толук накталай эмес төлөнүп баштаган. Жүргүнчүлөр «Тулпар», VISA жана «Элкарт» карталары, ошондой эле ар кандай тиркемелер аркылуу унаанын QR-кодун сканерлеп төлөй алышат.

Май айында президент Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапары учурунда Zhongtong bus Holding Co заводуна барган. Жыйынтыгында Кыргызстан бул компаниядан 1000 автобус сатып алары белгилүү болгон. Бишкекке алгачкы автобустар август айында келе баштаган. Мэриянын маалыматына ылайык, 1000 автобустун бардыгы Бишкекке 2024-жылдын экинчи кварталына чейин алып келинет.