УКМК: Ленин райондук сотунун судьясы 2 миң доллар пара талап кылып жатканда кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы 2 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 17-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда шектүү менен кошо ортомчу катары иш алып барган судьянын консультанты жана жакын досу да колго алынды.

Иликтөөнүн натыйжасында, судьянын ири өлчөмдөгү акча каражатын пара катары банктык которуулар аркылуу алып турганы боюнча бир катар фактылар аныкталды. Которулган каражаттарды судьянын эжеси жана тууганы алып турган. Шектүүнүн тууганы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө абагына киргизилди. 

5-сентябрда өлкөнүн Башкы прокурору УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде аталган судьяга карата «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелеринин негизинде экинчи кылмыш ишин козгогон.

Биринчи май райондук соту судьяны УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте акча опузалоого шектелип шаардык соттун судьясы кармалды